Коом
Баткендеги Ак-Сай жана Ворух айылдарынын чектешкен аймагында Кыргызстан менен Тажикстан делегациялары жолугушту

Кыргыз тараптан делегацияны Баткен районунун акими, тажик тараптан Исфара районунун акими жетектеди.
Тараптар белгиленбеген аймактарда курулуш иштерин жүргүзбөө, чек арадагы чагымчылдыкка жол бербөө боюнча макулдашып, суу маселесин талкуулашты.
Учурда Баткен районунун чек ара аймагында абал тынч.



