Окуялар

ВИДЕО: УКМК Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармады

2022-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, Мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн С.А. аттуу жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда Ноокат райондук сотунун соттук аткаруучусу К.Т.А. кармалган.

2022-жылдын 17-октябрында кармалган К.Т.А. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button