Коом

Ысык-Көлдүн айрым жеринде кийинки жумада коменданттык саат киргизилет

 Ысык-Көлдө 21-23-апрель күндөрү «Коопсуздук-2026» аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар өтөт. Облустук бийлик ал күндөрү айрым жерлерде коменданттык саат киргизилерин кабарлады.

Иш-чара Каракол шаарында, ошондой эле Кызыл-Суу менен Ак-Суу айылдарында болуп, мындан улам саат 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат режими иштейт. Бул убакыт аралыгында атайын техника жүрүшү ыктымал.

Жергиликтүү бийлик жашоочуларды жана конокторду тынчтыкты сактоого, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана тиешелүү талаптарды так аткарууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button