Дүйнө

Жазуучу Олжобай Шакир эркиндикке чыкты

Бул тууралуу “Азаттык” маалымат агенттиги Олжобай Шакирдин адвокатынын маалыматына таянып жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Жогорку сот 8-октябрда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарган. Жазуучу ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып турат. Адвокаты Акмат Алагушев ал 10 күндүн ичинде бошотуларын билдирди.

“Соттун токтому 10 күндүн ичинде даяр болгондон кийин ал убактылуу кармоочу жайга жиберилет. Ошондон кийин Олжобай Шакир эркиндикке чыгат. Ал үч жыл Пробация департаментине барып турушу керек. Бул убакыт ичинде мыйзам бузбаса эч кандай чара колдонулбайт”, — деди адвокат.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүнө калтырган. Жазуучу чечимди “адилетсиздик” деп айткан. Анын адвокаттары эки инстанциянын чечимине каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз берген.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button