Окуялар

Оор баңгизаттарды ташып, саткан Тажикстандын жараны кармалды. ФОТО

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери оор баңгизаттардын түрлөрүн транизиттөөчүү каналды аныктоо жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү. Аталган операциянын жыйынтыгында жогорку концентраттагы афган героининин партиясы алынган.

Буга чейин ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине болжол менен 30-35 жаш чамаларындагы азият түспөлүндөгү жаран Тажикстандан Казакстанга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 20-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстан Республикасынын жараны,  эл аралык баңги топтун активдүү мүчөсү  1985-жылы туулган Х.М. баңгизаттарды сатуу учурунда кармалган. Аталган иш-чараны жүргүзүү учурунда кызматкерлер сатууга дайындалган афган баңгизатынын партиясынын бардыгын табышкан.

 Соттук-химиялык экспертизалык изилдөөнүн корутундусунун негизинде табылып алынган зат 2 килограммды түзгөн Афганистанда  өндүрүлгөн «героин» баңгизаты  деп аныкталган.  

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү уланууда.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button