Коом
Чоң-Алайдагы чек арада бала бакча ачылды

50 орундуу «Байчечекей» бакчасынын ачылышына Камчыбек Ташиев катышкан.
УКМК Кыргызстанда чек ара заставасынын аймагында тарыхта биринчи жолу бала бакча салынып жатканын белгиледи. Бөбөктөр үчүн имарат Чоң-Алайдын алыскы Карамык айылында жайгашкан.
Ал жакка чек арачылардын балдарынан тышкары бул айылга жакын жайгашкан кыштактагы бөбөктөр дагы бара алары айтылды.



