Коом
Базар-Коргон районундагы мыйзамсыз курулуштар бузулду

Базар-Коргондогу мыйзамсыз курулуштарга карата текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүү иш-чаранын алкагында Кеңеш айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылында мыйзамсыз негизде өз билемдик менен курулуш иштерин жүргүзгөн 8 жаран аныкталып, алар тарабынан куюлган пайдубалдар буздурулду.
Белгилей кетсек, аталган аймак боюнча башкармалыктар тарабынан буга чейин эскертүү берилип, жерди мурдагы абалына келтирүү талабы коюлган. Коюлган талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу мыйзам чегинде буздурулду.



