Коом

Орусиянын токоюнда кыргызстандык жарандын капка салынган сөөгү табылды

Россияда Кыргызстандык адамды өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу 3-октябрда Россиянын ИИМинин Камчатка крайы боюнча башкармалыгынан билдирди.

Эске салсак, июнь айында милицияга кыргызстандыктын таанышы арыз менен кайрылып, аны табууга жардам берүүнү өтүнгөн. Аялдын айтымында, жоголуп кеткенге чейин анын таанышы Петропавловск-Камчатский шаарындагы дүкөндө көп убакыт бою жүк ташуучу болуп иштеген.

Укук коргоо органдары кыргызстандыктын Камчаткадан кетпегенин, ошондой эле ооруканага кайрылбаганын, анын туугандары жана достору эч нерсе билбегенин аныкташкан. Акыркы жолу ал жумуш ордундагы видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Буга байланыштуу кыргызстандыкка федералдык издөө жарыяланган.

Издөө эч кандай натыйжа бербегендиктен, август айында милиция кылмыш ишин козгогон, ал эми сентябрь айында аларга коркунучтуу табылга жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Жергиликтүү тургун Чыгыш шоссесиндеги токой тилкесинде ити менен сейилдеп жүрүп, адамдын сөөк калдыктары салынган баштыкты таап алган. ДНКнын жыйынтыгы көрсөткөндөй, сөөк изделип жаткан адамга таандык болгон. Тергөө учурунда анын киши колдуу болгону аныкталып, шектүү кармалган. Маркумдун 74 жаштагы жумуш берүүчүсү күнөөсүн моюнуна алды.

Тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button