ВИДЕО: Курулушчулар Ассоциациясы “Контракттык Банктык Коштоо” маселеси ишке кедергесин катуу тийгизип жатканын билдиришти

Кечээ, 16-августта Курулушчулар Ассоциациясы кезексиз жыйынын өткөрүп, анда финансы министрлигинин, салык кызматынын, мамлекеттик курулуш агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда КБК менен иштөөдө болуп жаткан кыйынчылыктарды жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулашты.
КРнын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 28-октябрындагы №169-П сандуу «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону киргизүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» буйругу чыккан. Аталган буйруктагы контрактты банктык коштоо процесси курулуш иштеринин жүрүшүнө кедергисин тийгизип жаткандыгына ишкерлер нараазычылыгын билдирип, кайрылуу жолдошуп, өздөрүнүн сунуштарын айтышты.
Жыйындын катышуучусу Өмүрбек Мамбетибраевдин: “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө Контрактты Банктык Коштоону камсыз кылуудагы орчундуу маселелер жана алардын тийгизген кесепеттери” тууралуу баяндамасын сунуштайбыз:
“- КБК менен иш башталгандыгына 5 айдын тегереги болду КБК нын кириши менен куруучу Подряддык ишканалар жана мамлекеттик органдардын көпчүлүгү оор кыйынчылыктарга туш болушту.
Ушул жагдайларга байланыштуу Куруучу подряддык ишканалардын чогулган көйгөйлөрүн айтуу үчүн трибунага чыктык.
Бир караганда КБК иштеп кетүү оңой көрүнгөнү менен, иштей келгенде ар кандай оорчулуктарды, көйгөйлөрдү жаратууда. Мисал келтире кетсек:
- Курулуш материалдарын сатуучу ишканалар жана базардагы соодагерлер КБК системасы менен иштеп кетүүгө тап-такыр даяр эместиги билинди, кээ бирлери такыр эле Подряддык ишканалар менен иштешүүдөн баш тартышууда. Алардын өзүнүн эле кардарлары жетиштүү болгондугуна байланыштуу ашыкча чыгым болуп, убактыларын коротуп мамлекеттик банктардан эсептик счет ачып убара болууну каалашпагандыгы анык болду. Алсаң ал, албасаң башка жактарга деле сатабыз деген позицияны карманып турушат. Азыраак көлөмдөгү курулуш материалдарын сатып алуу дагы кыйынчылыктарды жаратууда. Себеби көпчүлүк соодагерлерде товарды тастыктоочу керектүү документтер жок.
- Транспорттук ж.а. атайын курулуш техникаларынын (спецтехника) кызмат корсотуучу тараптары ж.а усталар менен иштешүүдө дагы көптөгөн кыйынчылыктар жаралууда. Өзгөчө региондордо. Алар дагы соодагерлердей эле убактыларын коротуп жүргүсү келбейт, ИП ачып кайра тиешелүү органдарга керектүү отчетторду тапшырып турганга мүмкүнчүлүктөрү жок, эмгек акыларын дагы жумушун бүтөөрү менен колуна алганды каалашат. КБК системасы киргенден бери көрсөтүлгөн кызматтардын эмгек акыларын берүү дагы кечиктирилип, иш кагаздары текшерилип келгиче узак убакытка созулууда. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдүн айынан кызмат көрсөтүүчү тараптар м.н. пикир келишпестиктер жаралууда. Ансыз деле өлкөбүздө акыркы жылдары жумушчу күчү жетишпей жатат. Жумушчулар кайсыл жерде айлык акылары көбүрөөк төлөнсө, убагында төлөнсө ошол жактарга кетип калып жатышат. Көпчүлүгү чет мамлекетте же, жеке менчик секторлордо жүрүшөт.
- Банктардан эсептик счет ачып, логин, пароль, ачкыч алуу өзүнчө эле бир көйгөйгө айланды. Себеби: Банктардын өзүндө дагы КБК системасын жеткиликтүү түшүнгөн адистердин жоктугу, даярдыксыздыгы кедергисин тийгизүүдө. Подряддык ишканалардын жетекчилери менен бухгалтерлери Банктардын эшиктерин жыртып, 1-2 айлап убактыларын коротууда. Региондордогу мамлекеттик банктардын филиалдары өзүлөрү түшүнбөгөндүктөн борборубуздагы аталган банктардын башкы кеңсесине жөнөтүшүп Подрядчиктерди убара кылышууда.
- Кызматты сатып алуучу мамлекеттик органдарында дагы КБКны түшүнгөн адистердин жоктугуна байланыштуу көптөгөн көйгөйөр жаралууда, утурумдук ремонт (текущий ремонт) болсо деле, Подрядчиктерди КБК менен келишим түзгүлө деп кыйноого алышууда же, тендерди КБКсы жок жарыялашып келишим түзүүгө келгенде КБК системасы менен түзгүлө болбосо, кара тизмеге киргизебиз деп коркуткан учурлар дагы кездешүүдө.
- Эгемендүү мамлекетпиз деп төшүбүздү какканыбызга 32 жылдын жүзү болду. Ошого карабастан Кыргыз мамлекетибизде жасалган курулуш жумуштарын кабыл алуучу иш кагаздарын Россия мамлекетинин ГазпромБанкы текшерип, электен өткөрүп жаткандыгы эгемендүүлүгүбүзгө доо кетирип жаткандай сезилет. Эмне өзүбүздүн өлкөбүздө текшерүүчү органдар жетишпейт беле? – деген дагы суроо жаралат. ГазпромБанктын иш кагаздарды кароо мөөнөтү узак убакытка созулгандыктан курулуш жумуштарын жүргүзүүгө дагы өтө чон кедергисин тийгизүүдө, кааласа карайт экен, каалабаса карабайт экен. Кайсыл документтин кайсыл жери, эмнеси туура эмес экендигин айтып коюш буларга өтө кыйын же атайын ошондой мамиле кылат окшойт. Жарабайт деп эле артка кайтарып жатышат, бул жерин туура эмес деп айтып коюшса болбойбу? Кайра алар менен байланышуу дагы мүмкүн эмес.
Баары эле ГазпромБанк аркылуу чечилет экен, андан көрө Өкмөтүбүздү, Заказчиктерибизди деле убара кылып, кыйнабай тендердин баарын эле ГазпромБанкка өткөзүп берип койбойлубу? – деген дагы ой келип кетет экен.
Мына ушундай жагдайлардын баардыгы биздин мамлекетибиздин кызматты сатып алуучу органдарынын, куруучу Подряддык ишканалардын иштерине терс таасирин тийгизүүдө. Бүгүнкү күндө көптөгөн курулуш объектилери бүтпөй турат, кээ бирлери токтоп турат, кээ бирлери баштала дагы элек. Көптөгөн Подрядчиктер өзүлөрүнүн акчасы менен бүтүргөн жумуштарынын акысын ала албай жүргөн учурлар дагы бар. Күз келди, мамлекеттик органдардын алдыга койгон пландарынын көпчүлүгү аткарыла элек, көптөгөн курулуш объектилер бүтпөй калуу коркунучунда турат. Мындай жагдай экономикабызга урулган оор сокку болот.
Эми ушул көйгөлүү маселелерди кантип чечебиз деген маселе турат. Бул жөнүндө дагы өзүбүздүн сунуштарыбызды айта кетсек.
- Курулуш материалдарын сатуучу ишканаларды, базардагы курулуш материалдарын сатуучу соодагерлердин ишмердүүлүгүн КБК системасына туура келгендей кылып ирээтке келтирүү, аларды дагы КБК системасы менен иш жүргүзүүгө өткөрүү, же болбосо аларды КБК системасы м.н. иш алып баруудан бошотуу.
- Үч мамлекеттик банкта КБК менен иштеген атайын өзүнчө бөлүмдөрдү ачуу. Иш кагаздарын ыкчам текшерип, логин, пароль, ачкычтарды кыска убакыттын ичинде даярдап берүүгө милдеттендирүү.
- КБК боюнча семинар эмес, окуу курстарын ачуу, окутуу, үйрөтүү бардык тараптар үчүн. КБК боюнча так даана инструкция иштеп чыгуу. Текшерилүүчү документтердин бирдиктуу формасын иштеп чыгуу. КБКнын терминдерин КРдин нормативдик актыларынын терминдерине шайкеш келтирүү.
- ГазпромБанктын филиалын Бишкек шаарында ачуу. Текшерилүүгө келген иш кагаздарды ыкчам кароого, 1-3 кундун ичинде тез жооп берүүгө милдеттендирүү.
- Капиталдык ремонтторду КБК системасы жок эле ишке ашыруу (Антпесе көпчүлүк ремонт жумуштары капиталдык ремонт катары бюджетке кирип калган).
Баарыбыз билгендей, экономиканын өсүп-өнүгүү темпи Өкмөттүн – аткаруу бийлигинин кабыл алган чечимдерине ылайык иш жүзүнө ашырылат. Ал чечимдерди аткаруу бүтүн элге, бизнес чөйрөсүнө так, жөнөкөй жана түшүнүктүү болушу керек.
КБК системасы өлкөбүз үчүн пайдалуудур бирок, бүгүнкү күндө бул системаны ишке ашырууга даяр эмес экендигибиз айдан ачык эле көрүнүп турат.
Ошондуктан, мына бүгүнкү конференциянын жыйынтык резолюциясына биздин сунушубузду киргизип, Демилгечи топтун ж.а. курулушчулар ассоциациясынын сунушу деп таанып, Өкмөттөгү бийлик органдарынын өкүлдөрүн ушул маселелерге өзгөчө көңүл буруусун суранабыз.
Мамлекетибиздин жогорку бийлик органдарынан ушул айтылган аргументтердин негизнде КБК тартибин иш жүзүнө киргизүүнү, жогорудагы айтылган маселелер толук чечилмейинче токтотуп туруусун көптөн-көп өтүнөбүз” – деп сөзүн жыйынтыктады Мамбетибраев.
Бул «Курулушчулар Ассоциациясы» уюштурган жыйынга келген катышуучулар көтөрүлгөн көйгөй Президент Садыр Жапаровго жетет деген үмүтүн билдиришти жана бул механизмди жөнөкөйлөтүп берүүсүн өтүнүштү.






