Интернетте жарандарды жаш балдарды уруп-сабаган видеолор тарап жатат. ИИМдин билдирүүсү
Соцтармакта адамдарды, анын ичинде жаш курактагы балдарды уруп-сабаган видеолор тарап жатат. Видеолордон «Принцесса Дури» деген сөздү угууга болот. Ички иштер министрлигинен бул окуялар боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.
«Баңгизаттарды саткан адамдарды уруп-сабоо видеосу боюнча өзгөчө оор кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду Урматтуу жарандар, урматтуу социалдык тармактардын колдонуучулары!
Баңгизаттарын сатуучуларды сабап жаткан видео интернет мейкиндигине жайылууда.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат республикада жана анын чегинен тышкары жашаган жарандарга туруктуу негизде кайрылат, андыктан жеңил эмгек акы сунуштаган шектүү шилтемелер боюнча өтүүдөн сак болуңуздарды маалымдайбыз.
Бул багытта бардык зарыл болгон маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлүүдө, бирок буга карабастан жарандар жумуш издеп баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылууда. Баңги кылмыштары дүйнөсү өтө катаал! Шектүү эмгек акы сизди жана жакындарыңызды бузушу мүмкүн!
Бул факт боюнча өзгөчө оор кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ал эми, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз.
Баңги кылмышынын курмандыгы болгондор Бишкек шаары Токтогул көчөсү 80 дареги боюнча кызматка кайрылсаңыздар болот. Анонимдүүлүк кепилденет»,— дешти.



