Ысык-Көлдө браконьерлик торлордон тазалоо иштери жүрүүдө

Ысык-Көлдө балыктардын урук чачуу мезгили жакындап калды, ал эми балыктардын миграциялык жолдор аркылуу тынч өтүшү үчүн, көлдүн акваториясын браконьердик торлордон тазалоо керек. Ушундан улам, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы, жаратылышты коргоо органдары менен бирдикте бул багыттагы иштерди күчөтүшүүдө.

Жакында, көлдү браконьерлик торлордон тазалоо иштери Түп айылынан баштап, Күрмөнтү айылына чейин жүрдү. Дал ушул тилкелерде браконьерлер адатта тузактарын жайышат. Туристтик-экологиялык милициясынын инспекторлорунун милдети — аларды табуу жана зыянсыздандыруу. Эки күндүк рейдтин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери жана экотехинспекциясынын өкүлдөрү тарабынан, аталган тилкеде эле узундугу 15 километрге жакын түзгөн браконьердик торлор табылып тазаланды.

Көлдү браконьердик торлордон тазалоо иштери уланууда.



