Дүйнө

Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Эстонияда Олимпиада оюндарына даярдык көрүүдө

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Эстонияда машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу кыздар 28-июндан 11-июлга чейин Таллин шаарында машыгат.

Кыргыз спортчулар менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бактыгүл Алишева, укалоочу Константин Еремич да Таллин шаарында.

Эскерте кетсек, XXXII жайкы Олимпиада оюндары Токио шаарында өтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button