Коом
Кыргызстанда октябрдан бери грипптин кооптуу түрү болгон чочко тумоосунун (H1N1pdm) 2 учуру аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады

Ошондой эле бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциянын 7 335 учуру жана коронавирус менен ооруган 1 бейтап катталган.
Министрлик өлкөдө эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин белгиледи.
Чочко тумоосунун белгилери:
▪️баш жана булчуңдар ооруйт
▪️дем алуу органдары жабыркайт (кургак жөтөл, мурундун агышы, ангина, абанын жетишсиздиги)
▪️дене тап 38-39 градуска чейин жогорулайт
▪️алсыроо болуп, оору тез күчөп кетиши мүмкүн



