Коом

УКМК: Ысык-Көлдө “Урочище Сухой-Хребет» пляж аймагындагы жалпы аянты 57га жайыт жерлер кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер тилкелерин  аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында, кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагынын Ысык-Көл айылындагы «Урочище Сухой-Хребет» пляж аймагындагы жалпы аянты 57 га жайыт жерлери кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер участокторун, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button