Трамп Таиланд менен Камбоджа согушту токтотпосо бажы төлөмдөрүн киргизерин эскертти

АКШ президенти Дональд Трамп Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы куралдуу кагылышуулар уланса, бул эки өлкөгө каршы жаңы соода бажы төлөмдөрүн киргизүү мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал 13-декабрда The Wall Street Journal гезитине берген маегинде билдирди.
Трамптын айтымында, ал тарифтерди басым көрсөтүүчү курал катары колдонуп, жаңжалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө аракет кылган.
«Мен болгону 10 мүнөт мурда Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы жаңы эскалацияны жөнгө салуу үчүн бажы төлөмдөрү тууралуу чараны колдондум. Мен аларга: эгер силер согушту улантсаңар, анда мен биздин соода келишимин гана жокко чыгарбастан, өлкөлөрүңөргө карата бажы төлөмдөрүн да киргизем деп айттым», — деди АКШ президенти эки өлкөнүн лидерлери менен болгон телефон сүйлөшүүсүн комментарийлеп жатып.
Ошондой эле Трамп тарифтик саясат анын тышкы саясатындагы негизги инструменттердин бири бойдон каларын белгилеп, АКШнын Жогорку соту анын киргизген айрым бажы төлөмдөрүн мыйзамсыз деп тааныса, бул ал үчүн «өтө жагымсыз» болорун кошумчалады.
Буга чейин Таиланд менен Камбоджанын чек ара аймактарында кайрадан куралдуу кагылышуулар башталгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.



