Коом

Адылбек Бийбосунов БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 66-сессиясынын жалпы дебатында баяндоо менен чыкты

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары А.Бийбосунов БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 66-сессиясынын жалпы дебатында сөз сүйлөдү.
Башкы эл аралык трибунадан чыгып баяндоодо Адылбек Бийбосунов баңги коркунучуна каршы туруу Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди.
Бул стратегиялык пландоо документтеринде, анын ичинде 2026-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизатка каршы программасында бекитилген.
Адылбек Бийбосунов “Баңгизаттардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө маселелери боюнча эл аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү биринчи кезекте Афганистанда баңгизаттарды өндүрүү жана аларды «Түндүк маршрут» боюнча транзиттөө менен байланышкан аймактагы баңги кырдаалынын терс тенденциясы, синтетикалык баңгизаттардын көлөмүнүн көбөйүшү, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдө жана баңги кирешелерин мыйзамдаштырууда заманбап маалыматтык — телекоммуникациялык технологияларды жана электрондук төлөм системаларын колдонуунун кеңейиши менен шартталган, — деп белгиледи.
Ошону менен катар, министрдин биринчи орун басары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү көйгөйү эчак эле айрым мамлекеттердин чек араларынан чыгып кеткенин белгиледи, анткени ал бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн олуттуу коркунуч болуп саналат жана бул коркунучка натыйжалуу каршы туруу максатында бардыгын күчтөрдү бириктирүүгө чакырды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button