Коом

Айбек Жунушалиев: Мен өзүмдү жарнамалабайм, мени издегендер конуштарга келиңиздер

шаары мэри Айбек Жунушалиев жана вице-мэрлер катышты.

Маалымат жыйында Жунушалиев блогерлер менен иштешүүгө даяр экендигин айтты.

— Көпчүлүк сизди көрбөй жатабыз деп жазышат. Блогерлерге, социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына айтар элем. Эгер мени издесеңиздер жаңы конуштарга келиңиздер. Анткени ал жактардан мени көрүү мүмкүнчүлүгү чоң. Биз күн сайын жаңы конуштарга барабыз.

Башынан бери эле айтып келем. Биз кызматка өзүбүздү жарнамалоо үчүн келген эмеспиз. Мен кайсы бир конушка барып алып түз эфирге чыгып отурбайм.

Бизде маалымат кызматы бар. Алар мэриянын иши тууралуу кабар берип турушат. Маалымат жыйындарда суроолорого жооп берип турабыз», —деп билдирди Жунушалиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button