Дүйнө

ЖИ негизделген чат-боттор медициналык суроолорго дээрлик 50% так эмес жооп беришкен

Жасалма интеллектке (ИИ) негизделген чат-боттор медицина жана ден соолук боюнча суроолорго дээрлик 50% учурда так эмес жооп беришкен. Бул тууралуу медициналык илимий журнал BMJ Open жарыялаган изилдөөдө айтылат. Изилдөөгө ылайык, эң көп жаңылышкан чат-бот — Grok болгон.

Маалыматка ылайык, изилдөөгө беш популярдуу чат-бот катышкан: Gemini, DeepSeek, Meta AI, ChatGPT жана Grok. Ар бирине рак, вакцинация, стволдук клеткалар, тамактануу жана спорт темалары боюнча ондон суроо берилген. Алынган жооптор эксперттер тарабынан бааланган.

Макаланын авторлору белгилегендей, жооптордун дээрлик жарымы (49,6%) бурмаланган: 30% — аз деңгээлде, ал эми 19% — олуттуу ката менен берилген.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, жалпы сапат бардык чат-боттордо окшош болгон, бирок Grok олуттуу каталары бар жоопторду көбүрөөк берген. Ошондой эле ЖИ эң жакшы жыйынтыкты вакцинация жана рак темаларында көрсөтсө, эң начар көрсөткүч тамактануу темасында болгон. Чат-боттор көп учурда ишенимдүү түрдө жооп берип, 250 суроонун болгону экөөндө гана жооп берүүдөн баш тарткан.

Мындан тышкары, бир да ЖИ толук туура булактар тизмесин бере алган эмес. Анын ордуна алар «галлюцинация» жасап, башкача айтканда, ойдон чыгарылган булактарды көрсөтүшкөн. Изилдөөчүлөрдүн баамында, жооптордун татаалдыгы жогору болуп, алар экинчи курстагы студенттерге арналган тексттердин деңгээлинде болгон.

Жыйынтыгында авторлор: «Текшерилген чат-боттор ден соолук жана медицина сыяктуу жалган маалыматтар кеңири тараган тармактарда канааттандырарлык эмес жыйынтык көрсөттү. Коомдук түшүндүрүү жана көзөмөл болбосо, аларды мындан ары колдонуу жалган маалыматтын жайылышын күчөтүшү мүмкүн», — деп белгилешкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button