Коом

Бишкек — Балыкчы поезд каттамы 6-июндан тарта жанданат   

Алгач каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылып, 7-июлдан 31-августка чейин поезд күндө каттайт. 

Поезд “Бишкек-2” станциясынан саат 07:45те чыгып, саат 12:16да Балыкчынын көл жээгиндеги токтоо пунктуна жетет. 

Билет баасы: 

▪️Жөнөкөй вагон: балдарга 73 сом, чоңдорго 150 сом 

▪️Люкс вагон: балдарга 250 сом, чоңдорго 500 сом.

▪️VIP вагон: балдарга 400 сом, чоңдорго 800 сом

▪️VIP-купе вагон: бир купе үчүн баасы 6000 сом. Купеде 6 киши жайгашса болот.

Сурап-билүү номерлери: 0 312 30 02 09, 0 700 07 66 96 (WhatsApp жана Telegram).

Тектеш кабарлар

Back to top button