Окуялар

Кара-Суу районунда беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалымдалгандай, 13-апрелде саат 20:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолундагы Тойчу айылында Honda Stepwgn жана Mercedes-Benz С180 унаалары сүзүшкөн. Кырсыктан жеңил машинанын 19 жаштагы айдоочусу 20-25 жаштардагы эки жүргүнчүсү менен, минивэндин ичиндеги 62 жана 72 жаштагы эки киши каза тапкан.

Алардын сырткары, дагы алты адам ооруканага жеткирилген, арасында жаш балдар бар.

Тектеш кабарлар

Back to top button