Окуялар

12 жылдан кийин. Нарында жездесин өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы кайниси кармалды

Бул тууралуу Нарын облустук милициясы маалымдады.

Ага ылайык, 2014-жылдын май айында Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын 40 жаштагы тургуну Н.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Милиция факт боюнча кылмыш ишин ачып, издөө иштерин баштаган.

Тергөөнүн малыматы боюнча, маркум менен кайнисинин ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгып, мушташка айланып кеткен. Жаңжал учурунда Н.А. оор жаракат алып, андан соң Нарын дарыясына ыргытылган.

Кылмышка шектүү катары 40 жаштагы К.М кармалып, камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү («Адам өлтүрүү») менен иш козголгон.

Бул берене менен күнөөлүү деп табылгандар 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө же өмүр бою эркиндигинен ажыратылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button