ЖК үгүт иштерине тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизүүнү жактырды

Жогорку Кеңеш шайлоо учурунда үгүт иштерине тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырышты. Чечим бүгүн жыйында «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоодо кабыл алынды. Демилгечи — депутат Дастан Бекешев.
Буга чейин ал түшүндүргөндөй, учурда бир дагы кодексте шайлоодо талапкерлердин үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратуу же тоскоолдук кылуу үчүн жоопкерчилик каралган эмес.
«Билесиңер, шайлоолордо домкомдор же башка кызыкдар тараптар айрым талапкерлердин үгүт иштерине атайын кийлигишип, короолордо жолугушууларды өткөрүүгө уруксат бербей коюшат. Мен өзүм да мындай учурга туш болгом — атаандаш талапкер атайын адамдарды жиберип, үгүт иштерин буздуруш үчүн ызы-чуу чыгарткан, кыйкырткан же мас адамдарды жөнөткөн. Азыр мындай адамдарга эч кандай чара көрө албайсың, анткени мыйзамда жаза жок. Алар менен урушууга да болбойт. Ал эми мыйзам кабыл алынса, милиция чара көрө алат.
Мен айып пулдарды киргизүүнү сунуштайм: жеке адамдар үчүн — 10 миң сом, домкомдор жана башкаруучу компаниялар үчүн — 20 миң сом. Анткени алардын аракеттери административдик ресурс катары бааланат», — деген комитет жыйынында Дастан Бекешев.
Депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты.



