Жакындарына орду толгус зыян келтирген Канат Исаев үй-бүлөсүн таштап, качып кетти

Бул тууралуу “Вечерний Бишкек” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев өзүнүн ойлонулбаган аракеттери менен үй-бүлөсүнүн аброюна орду толгус зыян келтирди. Анын иш-аракеттеринин кесепеттери өзүнө гана эмес, жакын туугандарына, анын ичинде Россиянын ФКК академиясынан чыгарылган уулуна да таасир берди.
Канат Исаевдин уулунун окуудан чыгарылышына УКМКнын ички буйруктарынын бузулушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталбашы себеп болгон.
Тактап айтканда, бул “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Мыйзамдын 23-беренесине жана Өкмөттүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 токтому менен бекитилген контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобонун 187-беренесинин 1-пунктуна тиешелүү.
Исаевдин окуясы жалгыз эмес. Ушундай эле жагдай РФ ФКК академиясынын дагы бир угуучусу — Талас облусунун курсанты менен болгон. Атасы баңгизат сатканы үчүн кармалып, 10-11 жылга эркинен ажыратылгандан кийин, жигит да автоматтык түрдө окуудан чыгарылган. УКМКнын ички ченемдери боюнча, мындай окуялар улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөө жолун жабат: мындай жорукту кызматкер өзү эмес, анын жакын тууганы жасаган болсо дагы.
“Ким УКМКда иштесе, ал таза болушу керек. Кызматкер же анын туугандары тарабынан жасалган ар кандай кылмыштар болсо, токтоосуз иштен четтетилет», — дешет атайын кызматтын өкүлдөрү.
Канат Исаевдин өзүнө келсек, ага карата КР Башкы прокуратурасы козгогон кылмыш иши тергелип жатат. Экс-депутат 2022-жылдан баштап бир катар эпизоддордо деструктивдүү мүнөздөгү кылмыштарды жасаган деп айыпталууда. Исаев тергөөнүн жүрүшүндө бир нече жолу көрсөтмө берген. Бирок үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде ал белгисиз жагдайлар менен өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери чет өлкөдө жашырынып жүрөт. Анын жайгашкан жери азырынча аныктала элек.
Буга байланыштуу сот органдары ага карата баш коргоо чарасын изоляцияга байланыштуу эмес, камакка алуу чарасына өзгөрттү. Канат Исаевге эл аралык издөө жарыяланган.
Булак: «Вечерний Бишкек» маалымат агенттиги



