Кыргызстанда биринчи жолу PhD дипломдору ыйгарылды

Кыргызстанда тарыхта биринчи жолу илимий даражасы — философия доктору (PhD) үчүн мамлекеттик үлгүдөгү дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги маалымдады.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, PhD программалары боюнча адистерди даярдоо 2013-жылы пилоттук долбоордун алкагында башталган. 2020-жылы үч баскычтуу жогорку кесиптик билим берүү системасына өтүү Министрлер кабинетинин токтомдору менен бекитилген.
2023-жылы PhD илимий даражасы «Илим жөнүндө» мыйзамы менен расмий түрдө таанылган.
2025-жылдын январынан тарта PhD даражасына ээ адистерге мамлекеттик бюджеттин эсебинен ай сайын кошумча төлөмдөр каралган.
Учурда өлкөдө 21 жогорку окуу жай PhD программалары боюнча илимий кадрларды даярдайт. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 80 бүтүрүүчү PhD даражасын алган, алардын 32 пайызы чет өлкөлүктөр.
Мамлекеттик үлгүдөгү документ заманбап санариптик талаптарга жооп берет. Анын санарип форматы мамлекеттик «Түндүк» порталы тарабынан иштелип чыккан.



