АКШ: Green Card лотереясына катышуу үчүн эми акы төлөнөт

2024-жылдын 16-октябрынан тарта АКШнын DV Lottery (Green Card) программасына катышуу үчүн 1 доллар өлчөмүндө жаңы каттоо төлөмү алынат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти расмий сайтында билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул төлөм лотереяны башкаруу чыгымдарын адилеттүү бөлүштүрүү максатын көздөйт. Буга чейин бардык чыгымдар виза утуп алган адамдар төлөгөн 330 доллар аркылуу гана жабылып келген. Эми чыгымдын бир бөлүгүн бардык катталуучулар төлөмөкчү.
Маанилүү фактылар:
— Төлөм 1 доллар болот жана кайра кайтарылбайт.
— Каттоо жана төлөм АКШ өкмөтүнүн расмий сайтында гана жүргүзүлөт.
— Бул система жасалма каттоолорду азайтып, программаны иштетүүнү жеңилдетери күтүлүүдө.
Жыл сайын 25 миллионго жакын адам катышкан бул программадан болгону 55 миң адам гана Green Card утуп алууга мүмкүнчүлүк алат. Жаңы төлөм системасы Мамдепке кошумча 25 миллион доллар киреше алып келет.



