Борбор калаада мыйзамсыз жеке клиника жана дары-дармек кампасы аныкталды

Борбор калаага тиешелүү уруксаты жок иштеп келген медициналык жеке клиника жана мыйзамсыз дары-дармек сактаган кампа аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, борбордогу жеке клиникалардын бирин текшерүү учурунда медициналык дары-дармектер, жабдуулар жана баштапкы документтери жок буюмдар табылган. Ошондой эле клиника салыктык каттоосу жана медициналык лицензиясы жок ишмердүүлүк жүргүзүп келгени аныкталган.

Мындан тышкары, фармацевтикалык ишмердүүлүктү уруксатсыз жүргүзгөн жеке ишкерге таандык кампада реестрге кирбеген дары-дармектер жана медициналык буюмдар табылган. Айрым кутуларда оригиналдуу марканын үстүнө «косметикалык каражат» деген этикеткалар чапталгандыгы белгилүү болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 5,2 миллион сомду түзгөн дары-дармек жана жабдуулар акт менен катталып, тиешелүү документтер түзүлдү. Учурда териштирүү иштери уланууда.



