Райым Матраимов белгилүү ишкердин тууганын тапанча менен коркутканы айтылды

Райым Матраимов «Бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Өкүмдө Матраимов белгилүү бир ишкердин тууганын тапанча менен коркутканы жазылган.
Кылмыш ишинде жазылгандар:
2022-жылдын күз мезгилинде ал бажыдагы коррупциялык схемаларын калыбына келтирүүнү чечип, жаңы кылмыш каналын түзүү планын ойлоно баштаган.
Анын көзүнө өзбекстандык бизнесмен, Кытайдан Борбор Азияга жүк ташыган ири логистикалык компаниянын ээси Хабибулла Абдукадыр илинген.
Матраимов ага Кыргызстанда жүргөн Т.Р. аттуу тууганы аркылуу чыгууну чечип, ишти ылдамдатыш үчүн досу, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди тарткан.
Матраимов Хабибулла Абдукадырдын Т.Р. аттуу тууганына чалып, бажы иштери кайрадан анын уруксаты менен чечиле баштаганын айткан. Матраимов муну Абдукадыр билишин каалаган.
Кийинчерээк Матраимов Т.Р. аттуу кишинин жолугушууга келишин талап кылган. Чакырган адам келбей койгонунан өкүл баласына аны Бишкектин түштүгүндөгү «Браво» VIP шаарчасындагы үйүнө кандай жол менен болсо да алып келүүнү тапшырган.
Матраимовдун өкүл баласы Абдукадырдын тууганын Бишкектеги турак жай комплекстеринин бирине чакырып, Камчы Көлбаев менен телефон аркылуу сүйлөштүргөн. Көлбаев Т.Р. аттуу адамга өз каалоосу менен келип калбаса, машинанын багажына салып алып кетишерин айтып коркуткан. Т.Р. макул болгон.
Аны Матраимовдун өкүл баласы мончого алып келген. Ал жакта Абдукадырдын тууганын мас абалындагы Матраимов, Көлбаев жана Матраимовдун З.К. аттуу жакын досу күтүп алышкан.
Матраимов Т.Р. аттуу кишиге тапанча такап, аны өлтүрөм деп коркуткан. Жанындагылар андан куралды алып, Көлбаев жан сакчысына берген.
Матраимов Абдукадырга доомат артып, анын ишкердигинен улам мамлекетке 2 млрд сом төлөп берүүгө аргасыз болгонун айткан. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары эми Абдукадыр жана анын адамдары ал аркылуу бажыдан товар өткөрүп, бул сумманы кайтарып бериши керектигин талап кылган.



