КоомСаясат

Кыргызстандын президенттик администрациясы Сорос фондунун жабылуусун таң калуу менен кабыл алды

“Сорос Кыргызстан” фонду кечээ өлкөдө ишмердүүлүгүн токтотуп жатканын билдирип, буга коммерциялык эмес уюмдар тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы себеп деген. 

Президенттик администрациянын жогорку даражалуу кызматкеринин айтымында, фонддун жабылышы тууралуу уюмдун кызматкерлерине жана көптөгөн активисттерге көптөн бери эле маалым болгон.  

“Андыктан президенттик администрация коммерциялык эмес уюмдар тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы себеп болду деген жүйөнү таң калуу менен кабыл алды”, — деди ал. 

Чиновниктин айтымында, акыркы жылдарды Соростун жакындары фонддун ишке болгон мамилесин карап чыгып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн токтотууда. 

Алар Украина менен Грузиядан башка Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү кеңселерин жапкан. Көптөгөн аймактык долбоорлор жарым-жартылай же толугу менен токтотулган

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button