Коом

Акысыз бөйрөк алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалат

Кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бюджеттик негизде жасалат.

Бүгүн, 12-февралда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул жуманын аягында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасала турган бейтаптардан кабар алды. 34 жаштагы бейтапка орган алмаштыруу операциясы жасалат. Оорулуу өнөкөт гломерулонефриттин кесепетинен бөйрөктүн өнөкөт оорусуна каршы программалык гемодиализ алып келген. Ага бейтаптын 32 жаштагы биртууганы донор болот. Дарыгерлер министрге билдиришкендей, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар трансплантология бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, операцияга чейинки тиешелүү даярдыктан өтүшөт.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button