Орунбеков «Белес» автобустарынын тегерегиндеги талкууларга токтолду

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда байма-бай чыгып жаткан «Белес» автобустарынын тегерегиндеги талкууларга токтолду.
Анын айтымында, колдонуучулардын негизги суроосу Кыргызстан эмне үчүн ата мекендик автобустарды сатып албай, Кытайда жасалган автобустарга артыкчылык берип жатат.
Дайырбек Орунбеков белгилегендей, өндүрүштүк жайды кыдыруу учурунда текшерүү учурунда ангарда колго чогултулган бир гана автобус бар экени аныкталган. Бирок шаарды толук камсыз кылуу үчүн бир эле унаа эмес, жакшы жолго коюлган массалык өндүрүш системасы керек.
«Президентибиз кызматка жаңы киришкенде автобус чыгарып жатабыз деген ишкананы барып көргөн. Ошондо ангарда кол менен чогултулган болгону 1 даана эле автобус болгон. Ал эми шаарды тейлеш үчүн бир-эки эмес, туруктуу иштей турган толук линия жана жетиштүү сандагы автобустар керек.
Экинчиси, бул автобустар тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес. Тетиктери сырттан алып келинип, бул жакта жөн гана кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген завод жок. Ар ким эле үйүнөн 1 автобус чогултуп алып, “меникин алгыла”-дей берсе болобу? Мындай транспорт эл ташууга толук жооп бере албайт, анткени жүздөгөн адамдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек.
Үчүнчүдөн, “Белес” автобустары азыр алынып жаткан автобустарга караганда 1,5 эсе кымбат сунушталган.
Төртүнчү, “Белес” автобусунун мотору дизель менен жүрөт. Билесиздер, буга чейин шаарды булгаган дизелдик маршруттук таксилерди тазалап, газ жана электр энергиясы менен жүргөн автобустарга өткөнбүз.
Ушул жана башка себептерден улам “Белес” автобусу пайдаланууга алынган эмес. Сиздер талкуулап салыштырып жаткан сүрөттө көрсөтүлгөн “Белестин” сүрөтү дагы реалдуу долбоор, же чогултулган автобус эмес — жөн гана интернеттен алынып жасалган сүрөт, “фотошоп”.
Президентибиз эл менен жолугушканда, жыйындарда, жетекчилерди чогултканда дагы ата мекендик өндүрүш негизги приоритет экенин белгилеп келет. Жөн эле айтып койбой реалдуу ата мекендик өндүрүштү колдоп жатат.
Ошондуктан “Белеске” байланышкан маселеде, мамлекет ата-мекендик өндүрүштү эмнеге колдобой жатат деп айтуудан мурда, жогорудагы себептерге байланышкан реалдуу шартты түшүнүү керек.
Азыр өлкөдө бир катар жеңил автоунаалар, жүк ташуучу унаалар чогултулуп жатат. Жакынкы убакта электромобилдерди чыгара баштайбыз. Ошентип акырындык менен электробустарга да өтөбүз», — деп жазат.



