“Бишкекасфальтсервис” ишканасы жумушчуларды издейт
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жумушчуларды издейт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:
1 сметаны түзүү инженери:
— 18 жашка толгон кыргыз жараны;
— соттолбогон;
— кесиптик билими бар;
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш стажы бар;
— кесиптик билими бар.
— КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү.
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
— кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ менен ырасталат.
25 жол жумушчусу:
• 18 жашка толгон кыргыз жараны;
• тажрыйбасы жана көндүмдөрү бар кесипкөй жумушчулар;
• жаман адаттарсыз;
• так жана жоопкерчиликтүү;
• нормаларга жана талаптарга так ылайык иштерди аткаруу.
«Иш издеген жарандын жанында резюмеси болушу шарт. Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 70 дарегинде өтөт. Кенериээк маалымат үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 0312377717», — деп айтылат билдирүүдө.



