Коом

Коронавирус. 191 адамдан аныкталып, дагы 6 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус дагы 191 адамдан аныкталып, дагы алты бейтап каза тапты. Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 121,
Ош шаарында – 11,
Чүй облусунда – 28,
Ош облусунда – 2,
Талас облусунда – 6,
Нарын облусунда – 8,
Ысык-Көл облусунда – 11,
Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 308 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 571 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 228 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1062 бейтаптын абалы орто оордукта, 411 адамдын абалы оор жана 81 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 595 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 532 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 102 миң 702 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 119 киши айыгып чыкса, 1 миң 757 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button