Дүйнө

Жер бетиндеги адамдардын саны 8 миллиард чектен ашты жана өсүү уланууда

Жер бетиндеги адамдардын саны 8 миллиард чектен ашты жана өсүүнү улантууда. Бул тууралуу Countrymetrics.info порталындагы реалдуу убакыттагы өзгөрүлмө статистика көрсөтүп турат .

Ресурска ылайык, планетада эркектер аялдарга караганда 1 пайызга көп. 14-августка карата Кытай — 1 456 049 258 адам, Индия — 1 418 972 027 адам, АКШ — 835 000 адам жер шарындагы калк жыш жайгашкан 20 өлкөнүн рейтингинде биринчи үч орунда турат.

Ошондой эле, портал көрсөткөндөй, адамдардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан (дээрлик 16 пайыз) өлөт. Экинчи орунда инсульт, үчүнчү орунда төмөнкү дем ​​алуу жолдорунун курч инфекциялары турат.

Буга чейин БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти 2022-жылдын ноябрь айында планетанын калкынын саны 8 миллиардга жете турганын билдирген

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button