ДүйнөКоомОкуялар

Эквадордо мафиянын козголоңунан кийин массалык башаламандык башталды

Түрмөлөрдө бунт көтөрүшүп, ири банданын лидери качып кеткенден кийин өлкөнүн президенти өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бирок бийликтин мындай кадамы башаламандыкты ырбатты. Кылмышкерлер унааларды өрттөп, полиция кызматкерлерин уурдап, жарылуучу заттарды колдонушкан. Бандиттер жада калса телестудиянын түз эфирине кирип келип, алып баруучунун чөнтөгүнө жарылуучу затты салып полиция тоскоол болбошун талап кылган. 

Президент буга жооп кылып өлкөдө ички куралдуу жаңжал абалын жарыялап, армияга 22 кылмыштуу топту жок кылууга буйрук берди. Анын курамында он миңдеген адам бар. Куралдуу күчтөр аларды тыптыйпыл кылып кырууга катуу киришти. 

Соңку маалымат боюнча башаламандыкта 10 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button