Коом
Урматтуу Кыргызстандыктар! Электр энергиясын сарамжалдуу колдонууңуздарды суранабыз!
Учурда электр энергиясын колдонуу өтө жогору болуп, линияларга күч келүүдө.Ошол себептен кээ бир аймактарда жарыктык берүү үзгүлтүккө учурап жатат. Учурда эч кандай пландалган өчүрүү жок, электр зымдарына күч келип авариялык абал жаралып жатат. Ведомствонын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Өндүрүлгөн электр энергиясынан коротулган электр энергиясын көрсөткүчү өтө жогору болуп жаткандыктан авариялык кырдаал жаралышы ыктымал. Андыктан электр энергиясын сарамжалдуу колдоонуңуздарды суранабыз!



