Коом

УКМК: Өзгөндө жер тилкелерин трансформациялоонун негизинде жасалма документтерди жасагандар кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтвлгандай, КР УКМК жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоодо расмий документтерди жасалмалоо жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн шаарынын 1969-жылы туулган И.А.У. жана 1986-жылы туулган Ю.К.М. аттуу тургундары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген, ошондой эле Баш-Дөбө айыл аймагынын 1980-жылы туулган З.К.Р. мурдагы башчысына айып коюлду.

Тактап айтканда, 2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, Баш-Дөбө айыл аймагынын жана айылдык кеңештин токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, артка карай кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун Архивине, Архитектурасына жана Кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган.

Алардын кылмыштуу иштеринин натыйжасында жана жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районунун 22,4 га жери «Айыл чарба багытындагы» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланган.

Учурда КР УКМК тарабынан жогорудагы махинацияларга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button