Коом
Бишкектеги «Ак-Босого» конушунда 30-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

30-октябрда Борбор калаадагы «Ак-Босого» конушунда ичүүчү суу убактылуу өчөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматкери билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган күнү саат 09:00дөн 20:00 гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Суу өчүүчү аймактар:
«Ак Босого» конушу, анын ичинде: №81 орто мектеп, №13 ҮБД, №2 «АЛТЫНАЙ» мектепке чейинки билим берүү мекемеси, №15 жергиликтүү милиция бөлүмү, №16 МАБ.



