УКМК: Ош облусунун аймагындагы күрөөканалардын ишмердүүлүгү текшерилди

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан калк үчүн шарттарды жакшыртууга жана насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүүгө багытталган социалдык-экономикалык чөйрөдө туруктуулукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош шаарында ломбарддарга карата ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында Ош шаарында иштеп жаткан 40 ломбард текшерилип, кызматкерлери жана ээлери суракка алынды.

Тапшырманы ишке ашыруу жана кредиттер боюнча пайыздык чендерди минималдаштыруу максатында ломбарддардын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы 2016-жылдын 22-июнундагы №87 Мыйзамынын “Ломбарддардын иши жөнүндө” талаптарын сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү, кыска мөөнөттүү насыяларды берүүдө Кыргыз Республикасынын 18 жаштан өйдө жарандарынын жеке керектөө үчүн арналган кыймылдуу мүлкүн гана күрөөгө кабыл алуу жана күрөөгө коюлган мүлктү тескөөгө жол бербөө зарылдыгы, ыйгарым укуктуу органдардын лицензиясынын негизинде гана иш жүргүзүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.

УКМК мыйзам бузган күрөөканалардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.



