Коом

Камчыбек Ташиев: «Сузактагы 45 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон берилет»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузакта селден жабыркаган жарандар менен жолугуп, кесепетинен үйлөрү жараксыз абалга келип калган жарандарга 1 миллион сом, оңдоп-түзөөгө муктаж болгон адамдарга 100 миң сомдон берилерин айтты.

«45 адам 1 миллион сомдон акча аласыңар. Үйлөрүңөрдү жаңыдан курасыңар. 73 адам 100 миң сом аласыңар. Үйлөрдү оңдоп-түздөйсүңөр. 40 адам 50 миң сомдон акча алып, короо-жайды оңдойсуңар. Бүгүн акчалардын баары Сузак райондук администрацияга которулду. Эртеңден баштап, карточка ачасыңар, акчаңар ошол жакка которулат. Ал эми 50 миң сомдон алчуларга колуна тапшырабыз»,— деди ал.

4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптап, Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button