УКМК: Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 14-мартында Ош шаарында кызматтык абалынан пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча КР ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Д.К.Т.ны кармады.
Кармалган жаран КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош аймактык башкармалыгынын юристи болуп, 2021-жылы өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, ишенимге кирип, курулуш компаниялардын биринин директорунан, Ош шаарында көп кабаттуу үй курууга маморгандардан уруксат берүүчү керектүү документтерди тоскоолдуксуз алганы үчүн 14 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алган.
Белгиленген акча каражаттарынан тышкары, кармалган жаран кызматы үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батир талап кылып, күрөө катары «Тайота Фораннер» үлгүсүндөгү жол тандабасты алып, аны жакын тууганына каттаткан.
Ошол эле учурда азыркы учурга карата алган милдеттенмелерин аткарган эмес жана алынган акча каражаттарын кайтарган эмес.
Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 15-мартындагы чечими менен кармалган жарандын баш коргоо чарасы КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө тандалып алынды.
Иш боюнча тергөө иштери уланууда.




