Коом

Камактан жаңы эле чыккан Коён төрт күндөн кийин кайра кармалды

Ал бул ирет Ош шаарынын тургунун опузалоого шектелүүдө. ИИМдин маалыматы боюнча, жабырлануучу 70 миң сомун алып, андан кийин шантаж жолу менен дагы 200 миң сом талап кылган эки адамга карата чара көрүүнү суранган.  

Кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн бири, 29 жаштагы Майрамбек Низамов (каймана аты Коен) 16-январда 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмышка тиешеси бар делген башка адамдар изделүүдө.  

Эске салсак, 6-ирет кармалган Коен 12-январда эле бошотулган болчу. Ал буга чейин 4 жолу соттолгону маалым.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button