Окуялар

Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып тагылганы айтылды

УКМКнын экс-төгарасы Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып тагылганын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, биринчиси — бийликти күч менен басып алууга даярдануу, экинчиси — кызматынан кыянаттык менен пайдалануу.

Анткен менен адвокат Ташиев айыптоолорго макул эмес экенин белгиледи. Тергөө УКМКнын мурдагы төрагасын эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарган.

Ал эми Курманкул Зулушев менен Нурлан Тургунбек уулу да суралууда, бирок алардын макамы азырынча белгисиз.

Үчөөнүн кечээ да суракка алынганы айтылган. Бүгүн Ташиев ага иш козголгонун билдирип, кайрылуу жасаган. Анда УКМКнын мурунку төрагасы күнөөсү жок экенин, акталып чыгарын белгилеп, элди кандайдыр бир мызмасыз аракеттерден оолак болууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button