Коом
Садыр Жапаров Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарды ачуу үчүн дагы эки чоң учак сатып алынарын «Каракол» аэропортунун ачылыш аземинде билдирди

«2007-жылы авиация тармагыбыз дүйнөлүк талаптарга жооп бере албагандыктан Евробиримдиктин аймагына учууга тыюу салынып, «кара тизмеге» киргенбиз. Ошондон бери Европага авиакаттамдар түз уча албай, эл үчүнчү өлкөлөр аркылуу учуп барып-келип жүрөт. Эми эл аралык уюм тарабынан текшерилип, эки аудиттен ийгиликтүү өттүк. 2025-жылдын башында Еврокомиссиядан дагы бир текшерүү үчүн адистер келет, ал аудиттен ийгиликтүү өтсөк «кара тизмеден» чыгабыз», — деди Жапаров.



