Коом
“Ак-Суу” капчыгайындагы “Белен-Теке” коругунда беймарал жүргөн илбирс — ВИДЕО

Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министирлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнө караштуу «Ак-Суу» капчыгайы, «Белен-Теке» коругу Бишкектен 60-80 чакырым жерде жайгашкан.
Охотовед К.Р. Райымкулов, егерь Батырбек уулу Адыл жана Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын инспектору Д.Жообасаров менен биргеликтеги рейд учурунда беймарал жүргөн илбирсти жана башка жаныбарларды да камерага тартып алышкан. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат борборунан билдиришти.





