Коом

Мэрия ата-энелерге бала бакчалардын тамак-ашына төлөө тартибин түшүндүрдү

Бишкек мэриясы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш үчүн төлөм жүргүзүүнүн тартиби тууралуу маалымдайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ар бир балага жеке кабинет түзүлүп, райондук билим берүү бөлүмдөрү ар бир балага катышуу эсебинин негизинде ай сайын төлөм эсеп-фактурасын түзүшөт.

«Жеке эсептин реквизиттери жана төлөнө турган сумма ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) бала бакчанын администрациясы тарабынан берилет. Тамак-аш үчүн төлөмдү баланын жеке эсептик эсебине гана — банк мекемелери, почта бөлүмдөрү же электрондук төлөм системалары аркылуу жүргүзүү зарыл. Бала бакчанын кызматкерлеринин жеке эсептерине акча которууга, ошондой эле белгиленген тамак-аш төлөмүнүн өлчөмүнөн ашыкча сумма которууга жол берилбейт. Нак акча берүү да тыюу салынат», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button