Окуялар

Кыргызстанда дем алышта 9 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда дем алышта 9 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Аламүдүн районунун Мурас-Ордо конушундагы Тендик көчөсүндө жыгач устундуу темир менен жабылган 70 чарчы метр эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кара-Суу районунун Кайрагач айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган бир жарым кабаттуу турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры, эки бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button