Коом
Улуттук банк жыл башынан берки жетинчи валюталык интервенциясын жүргүздү

Улуттук банк жыл башынан берки жетинчи валюталык интервенциясын жүргүздү. Банк валюта рыногуна чыгып, жалпы 83 миллион доллар сатканын билдирди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Каржылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей:
- 31 млн АКШ доллары бүтүм жасалган күнү эсептешүү менен ишке ашырылган;
- 52 млн АКШ доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнү эсептешүүлөр менен ишке ашырылган.
Жалпысынан быйыл жөнгө салуучу 7 интервенция жүргүзгөн, алардын эң ириси 173,9 миллион долларды түзгөн.



