Коом
УКМК Россия — Казакстан — Кыргызстан каттамы боюнча ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат ташып саткан топтун 9 мүчөсүн кармады

Алардын баары Кыргызстандын жарандары, интернет дүкөн аркылуу иштеген адамдар экени айтылды. Тинтүү маалында жалпысынан 52 млн сомго бааланган 9 кг синтетикалык зат табылган.
Жогоруда кармалгандардан тышкары, башка адамдар да колго түшкөн. Алар баңгизат алып карыз болгондордон акча өндүрүп, коркутуп, жазалап келишкен. Топтун кармалган мүчөлөрүнүн баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



