Коом

Өзбекстандын вице-премьери коронавирустан каза болду

Өзбекстандын вице-премьери Уктам Барноев коронавирустан каза болду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Маалыматты Бухара облусунун акмимчилиги тасыктаганы айтылат.

Барноев 57 жашта болчу, өкмөттө өлкөнүн агрардык жана азык-түлүк тармагын тескеп келген.

Вице-премьер июль айынын соңунда COVID-19 жуктуруп алганы аныкталып, ошондон бери жеке менчик клиникада дарыланып жаткан.

Айрым тастыкталбаган маалыматка караганда, Барноев өлүмүнүн алдында Германиянын ооруканаларына да барып дарыланган.

19-сентябрь күнү кечинде алынган расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 50 872 адамга жетти. Анын ичинен 47 121 адам айыгып чыкты. Ал эми оорунун кесепетинен 425 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button