Эсептөө палатасы: Жаратылыш ресурстар министрлиги дээрлик 101 миллион сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады

2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-жыл аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кеззматы билдирди.

Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында – 100 млн 988,1 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 11 млн 290,7 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9 млн 459,8 миң сом;
- эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу –77 млн 288,0 миң сом,
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар – 2 млн 949,6 миң сом.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча:
— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине — отчёт, жазма буйрук, сунуш жана сунуштама;
— Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине – жазма буйрук;

— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине — 2021-2022-жылдарга лицензияны кармап калуу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн эсептөө маселеси боюнча аудиттин материалдары жөнөтүлөт.



